Россияда жүрүп паспортумду жоготуп алдым. Кимге кайрылам?
Саламатсызбы, мен Россияда иштейм. ID-паспортумду жоготуп алдым. Жарандык паспорт алган эмесмин. Кайра кантип паспорт алсам болот? Тааныштарым Кыргызстандан гана жасалат деп жатышат. Толук маалымат берип коюңузчу?
Бакай Алишеров
Мамлекеттик каттоо кызматынын прес-катчысы
Учурда Өкмөттүн токтому талкууланып жатат. Эгер аталган токтом кабыл алынып калса, КР Мамлекеттик катоо кызматы Россиядагы элчиликке атайын жабдык жөнөтөт. Ошондон кийин элчилик жоголуп кеткен ID-паспортторду кайра жасап берүү укугуна ээ болот. Бүгүнкү күндө элчиликтер ID-картаны жасап бере албайт.
Бирок, андай болгон күндө да, колуңузда өздүгүңүздү тастыктаган кандайдыр бир документ керектелет: жоготуп алган паспортуңуздун көчүрмөсү, же жарандык паспорт, же биометрикалык каттоого тургандыгыңызды тастыктаган маалымкат, ж.б.
Элчиликке өздүгүңүздү тастыктоочу документтин бирин алып барсаңыз, ошонун негизинде жарандык паспорт жасап беришет. Ал эми такыр эч кандай документтериңиз жок болсо, сизге “Үйгө кайтып келүү күбөлүгү” (Свидетельство возвращения домой) берилет. Аны менен Кыргызстанга келип паспорт жасатып аласыз.
Ийгилик!