Каза болгон жигитимди кантип унутсам болот? Психолог кеңеш берет
Жакында эле жигитим каза болуп калды. Өзүмдү кармай албай, сүрөттөрүн көрүп, күнү-түнү ыйлап жатам. Эмне кылсам болот? Кантип унутсам?
Тамара Воронцова, психолог
Сизге терең кайгыруу менен көңүл айтам. Баарын түшүнүп турам. Силер бирге жүрүп, бири-бириңерди жактырып, келечекке план кургансыңар.
Жашооңуздун бул бөлүгү бүттү, жаңы этабы башталды. Эми иштөө, үй-бүлө куруу, балдарды тарбиялоо жана бактылуу болууга үйрөнүшүңүз керек. Кайрат кылыңыз. Турмуш улана берет, келечектен үмүтүңүздү үзбөңүз.
Каза болгон жигитиңиз менен келечектеги жигитиңизди эч качан салыштырбаңыз. Өтүп кеткен кишини идеализация кыла берсеңиз, өзүңүзгө эч кимди таба албайсыз. Ичиңизден ага ыраазычылык билдирип, өткөн чакка калтырып, алдыга кадам таштаңыз. Сизге тынчтык жана бакыт каалайм!