Колледжди бүткөндөр университетке тапшыра алабы?
2019.03.12, 11:17
630
Саламатсызбы! 9-класстын окуучусумун. Быйыл коллдежге тапшырсамбы дегем. Бирок, апамдар "билимиң орто болуп калат", - деп жатышат. Колледжге тапшырсам канча жыл окуйм, кийин жогорку окуу жайга өтө аламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.03.2019, 11:17
Чумукова Евгения
КРнын Билим берүү министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси
Саламатсызбы! Колледждердин окуу мөөнөтү тандаган кесибиңизге жараша, жалпысынан 2-4 жылга чейин.
Бирок, кийин жогорку билим алууну көздөгөн учурда каалаган кесибиңизге тапшыра албай, окуган кесибиңиз боюнча эле билимиңизди жогорулата аласыз.
Эгер, жогорку билим алуу ниетиңиз бар болсо, 11-классты бүтүп тапшырганыңыз туура болот.
Окууңузга ийгилик!
0
Пайдалуу жооп