Кызымдын фамилиясы уулу болуп жазылып калган. Кантип оңдосо болот?
Саламатсызбы Bilesinbi.kg. Менин кызым Санкт-Петербург шаарында төрөлгөн. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алалы деп барганда, атасынын фамилиясы кандай жазылса, кыздын да фамилиясы так ошондой жазылат деп, уулу кылып жазып салышкан. Кыргызстанга барганда күбөлүгүн алмаштырып алсак болобу?
Гүлжан Атанаева
Жарандык ал абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн башчысы
Саламатсызбы окурман. Кызыңыздын фамилиясын оңдоп койсо болот. Ал үчүн сиз же жолдошуңуз өзү катталган жайга барып, паспорттун көчүрмөсүн жана үйлөнүү жөнүндө күбөлүктү тапшырып, 5 сом өлчөмүндөгү мамлекеттик төлөмдү төлөйсүз. Андан кийин ал мекеме бала төрөлгөн төрөт үйүнө суроо (запрос) жөнөтөт. Жообун алган соң, баланын фамилиясын Кыргызстандан оңдоп берет. Жаңы күбөлүк үчүн 89 сом 88 тыйын салык төлөнөт.