Этек кир 2-3 айлап келбесе эч нерсе болбойбу?
2019.03.11, 15:28
2690
Саламатсызбы? Этек кирим 3 айдан бери келе элек. Эмне себептен болушу мүмкүн? Коркунучтуу эмеспи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.03.2019, 15:36
Бактыгүл Абдраманова
Гинеколог
Саламатсызбы! Менструалдык циклдын бузулуусу "гиперэстрогенемиянын" эсебинен болушу мүмкүн. Ошондой эле "жумурткалардын поликистизу" деген нерсе да бар. Сизди көрүп текшермейин бир нерсе деп айтууга болбойт.
Жакшысы, гинекологго кайрылып, УЗИге түшүп, гормондорго анализ тапшырыңыз. Ошондо гана себеби так билинет.
Убагында дарыланбасаңыз, кийин турмушка чыкканда көйгөйлөр жаралат.
0
Пайдалуу жооп