// //

Жолдошум жардам бербейт. Алимент өндүрө аламбы?

2019.03.11, 14:50
785

Жолдошум менен эч кандай мүлк бөлүшпөй, алимент кестирбей ажырашкам. Учурда балдарым 20 жана 18 жашта, экөө тең студент. Жолдошум бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жардам берген эмес. Жөлөк пулдарды азыркы үй-бүлөсү менен алып келет. Эми кантип алимент алсам болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.03.2019, 14:55

Нурислам Раимжанов 

Юрист 

Урматтуу айым, КРнын Үй-бүлө кодексинин 85-1-беренесинин 1-бөлүмүндө "Алиментти төлөө жөнүндө макулдашуу болбосо, академиялык отпускада болгон мезгилди кошпогондо, алар окууну аяктаганга чейин сот уюштуруу-укуктук формасына карабастан, бардык типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарында күндүзгү формада акы төлөөнүн негизинде окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы жардамга муктаж болгон өз балдарын багууга ата-энелерди милдеттендирүүгө укуктуу" деп көрсөтүлгөн. Демек, сиз жашаган жериңиз боюнча сотко кайрылып, алимент өндүрсөңүз болот.

Балдарыңыздын окуп жаткандыгы тууралуу тактамаларды тиркөө керек. Ал эми 18 жашка чейинки алименттерди өндүрүүнү кааласаңыз сотко доо арыз менен кайрыласыз. 

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт