Соттолгондугу тууралуу статус канча убакытта жоюлат?
Саламатсызбы Bilesinbi.kg. Менин досум майда кылмыш менен 2 айга камалып чыккан. Аны бошотуп жатышканда орто өлчөмдөгү айып пул төлөйсүң деп бошотушкан экен. Бирок, ошондон бери ал штрафтан кабар жок. Айып пул тууралуу кабар кайда, канча убакытта келет? Кайсы жерге барып тактаса болот?
Ошондой эле, досум чет өлкөгө кетмек. Ага соттолгон эмес деген маалымкат керек. Соттолгондугу тууралуу статус канча убакытта жоюлат?
Ширин Алмазова
юрист
Сот соттолуучудан айып пулду өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасын (исполнительный лист) ал жашаган Райондук соттук аткаруучу кызматынын бөлүмүмүнө жөнөтөт. Соттук аткаруучу айып төлөөчүгө катты берет. Анда, айып пул 10 күндүн ичинде төлөнүүгө тийиш деп жазылган.
Сиздин досуңуз өзүнүн жашаган жерине караштуу Соттук аткаруучу кызматынын бөлүмүнө, андан айып пулду өндүрүү боюнча аткаруу баракчасынын бар же жогун тактап берүүнү өтүнгөн арызы менен кайрылып, штрафты төлөөсү зарыл.
Эгер айып пул өз убагында төлөнбөсө, соттук аткаруучу анын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө тыйуу салып коюшу мүмкүн. Андан тышкары анын мүлкүн, акча каражатын камакка коюу тууралуу билдирүү жазууга акысы бар.
Учурдагы иш жүзүндөгү мыйзамга ылайык, кылмыш кылган адам соттолгон эмес болуп саналат:
- жазасын тартып бүткөн убакыттан бери 3 жыл өтсө;
- анын кылмышы өтө оор эмес болсо.
Эгер адам жаза тартуудан бошотулса, соттолгондугу жаза тартуудан толугу менен бошотулган күнү, же сыноо мөөнөтү ийгиликтүү аяктаган күнү жоюлат.