// //

Ата-эненин мээримине муктаж болуп турган бала радикалдардын туткунуна түшөт

2018.08.13, 14:48
3319

Радикалдык топтордун курмандыктары – жаштар, өзгөчө эне сүтү оозунан кете элек балдар. Жаш туруп мындай коркунучтуу топтордун курмандыктары болуп жатканын себебин бүгүнкүгө дейре эч ким так түшүндүрүп бере албайт. Өзүбүз жүргүзгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында туура эмес тарбия алган бала - радикалдык топторго кирээрин аныктадык.

Биздикелер балдарын кантип тарбиялайт?

Биринчи ката – ашыкча тыюу салуу

Кичинекей кезинен баштап ата-эне жетиштүү көңүл бурбайт. Балага тарбия берип жатканда ортодогу чекти карманбай, аша чаап урушат же эркелетет.  

Мисалы, бала бир нерсени сындырып алды дейли. Ошол маалда ата-эне ажыдаарга айланып, буюмду баладан артык көрөт. “Адам болбой койдуң”, деген сөздөр менен намысына шек келтирет.

Балага көп тыюу салып “Сен бокту дагы көрө элексиң. Мен айткандай болот” деген эгоисттик мамиле менен баланын жолун бууп, багыт көрсөтпөйт, өздүгүн өлтүрөт.

Чоңое баштаганда, “элдин балдары” деген принципке таянып, кошуналардын балдарына салыштырып, ансыз да кичинесинде жабыркап калган жандүйнөсүн талкалайт.

Тыюу салуудан чарчаган бала үйгө тургусу келбей калат, качат, кеч келет.

Ата-эненин мээримине, жакшы сөзгө муктаж болуп турган бала радикалдардын туткунуна түшөт.

Экинчи ката – ашыкча эркелетүү

Жаш кезинен баланы чолчоктотуп, бөпөлөп, көзүнүн кареги менен тең айланышат. Бала 15-16 жашка чыкканда ата-энеси кичине эле урушуп койсо, туура эмес түшүнүп, тултуңдап баштайт. Ата-энесинин сөзүн кулак үстүнөн өткөрүп, каалаганын жасап олтуруп, радикалдардын торуна илинет.

Изилдөөбүздүн жыйынтыгы - ата-эненин туура эмес мамилеси баланы радикалдык топторго түртөт.

Радикалдардын курмандыктары:

  • Жандүйнөсү суусап, руханий жактан колдоого муктаж бала;
  • Өзүнө болгон ишеничти жогорулаткысы келген бала;
  • Бөтөн кишиден колдоо издеген бала;
  • Жеңил ойлуу бала.

Радикалдын иш-аракети:

  • Кордук көргөн чөйрөсүн душман катары таанытып, баланын ичинен агрессия жаратат.
  • Акча табуу максатында каралар менен биригип алып, эч нерседен кабары жок балдарды кооптуу иштерге жумшашат.

Урматтуу, ата-эне эгерде балаңыз туура эмес жолго түшүп кетпесин десеңиз, эч качан уруп-согуп тарбия бербеңиз. Жөнөкөй сөздөр менен жашоону таанытканга аракет жасаңыз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт