// //

Кесареводон кийинки жаратыман суу чыгып турат. Гинеколог жооп берет

2019.03.07, 12:18
1002

Саламатсызбы. Мен 2013-жылы экинчи баламды операция жолу менен төрөгөм. 3 күндөн кийин ичим айрылып, врачтар инфекция кирген экен деп кайра тигишкен. Ошондон бери 5 жыл өттү, бирок дагы деле ичимен суу чыгып турат. Төрөгүм келип жүрөт. Боюмда барда кайра ачылып кетпейби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.03.2019, 13:19

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Урматтуу айым, сиздин сурооңузду окуп, менде сизге бере турган дагы суроолор пайда болду. Конкреттүү түрдө эмне болгон? Эмне себептен мынча убакыттан бери операциядан кийинки жарат айыкпай келет? Эмне үчүн суу чыгат? Кандай суу чыгып турат?  Ушунча убакыттан бери гинекологго көрүнгөнсүзбү?

Тилекке каршы, сизге эч кандай кеңеш бере албайм. Болгону айтарым, сизге жазылган бардык маалымкат жана выпискаларды алып тез арада дарыгерге көрүнүңүз.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт