Кесареводон кийинки жаратыман суу чыгып турат. Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы. Мен 2013-жылы экинчи баламды операция жолу менен төрөгөм. 3 күндөн кийин ичим айрылып, врачтар инфекция кирген экен деп кайра тигишкен. Ошондон бери 5 жыл өттү, бирок дагы деле ичимен суу чыгып турат. Төрөгүм келип жүрөт. Боюмда барда кайра ачылып кетпейби?
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Урматтуу айым, сиздин сурооңузду окуп, менде сизге бере турган дагы суроолор пайда болду. Конкреттүү түрдө эмне болгон? Эмне себептен мынча убакыттан бери операциядан кийинки жарат айыкпай келет? Эмне үчүн суу чыгат? Кандай суу чыгып турат? Ушунча убакыттан бери гинекологго көрүнгөнсүзбү?
Тилекке каршы, сизге эч кандай кеңеш бере албайм. Болгону айтарым, сизге жазылган бардык маалымкат жана выпискаларды алып тез арада дарыгерге көрүнүңүз.
Ден соолукта болуңуз!