Мен шаардык келинмин. Ошондуктан кайын энем мени жаман көрөт
Bilesinbi.kg сайты окурмандарыбыздын жеке жашоосундагы көйгөйлөрү тууралуу айтып берет. Анонимдүүлүккө кепилдик беребиз.
Кайын энемдин эки мыкты уулдары бар. Экөөнүн ортосу 2 жаш. Улуусу менин жолдошум. Кичүүсү да көп узабай эле үйлөнгөн.
Тойлорубуздун ортосу да жакын эле. Эки маараке тең мыкты өтүп, эң сонун сүртүмдөр эсте калды.
Абысыным экөөбүздүн боюбузга да бир эле учурда бүтүп, бир учурда төрөдүк. (Сүйлөшүп алгандай.)
Бирок, абысыным экөөбүздүн ортобузда бир чон айырма бар. Ал айылдык кыз, а мен шаарда өскөм. Болгондо да кайним экөө (демек менин күйөйм менен дагы) айылдаш.
Мен шаардык кызмын, “өзүнчө эле леди” дегендей. Айылга тиешелүү көрүнүшөрдүн бардыгы мен үчүн жат. Үй-бүлөм бүт ошондой. Бул эми менин күнөөм эмес да туурабы?
Шаардын четине чыгуу мен үчүн “дачага” барып эс алып келүү менен барабар. Абысыным Айжан өмүр бою айылда жашап өскөн. Ал үчүн уй саап, огород иштетип, малга чөп салуу кеп эмес.
Кайын энем, Айжанды айтып жатып мени чукуп кеткенди адат кылып алган:
- Айжан өзү эле уй саап коюптур. (Мен уйлардан өлөрчө корком, 20 метрден жакын басып барбайм!)
- Айжан помидор алып келип тигип койгон. (5 айлык боюнда бар болчу ошондо!)
- Айжан күйөөсүнүн жанынан чыкпайт. Кайда барса чогу жүрүшөт. (А мен күйөөмдүн достору менен жолугушуусуна барып, пиво ичкендерин карап отургум келбейт. Андан көрө үйдө калганым жакшы.)
Кыскасы, экөөбүздү салыштыра берет. Анан ар дайым Айжан “жакшы”, а мен “начар” болуп чыга келем. Мага мындай салыштыруу такыр жакпайт. Кечке эле айтыла берсе тажайт экенсиң.
Айыл жергесинде жашай албаганым менин айыбым эмес да. Үй кожойкеси катары мыкты элемин. Үйүм ар дайым таза. Тамакты түрлөп жасайм. Балам каралуу.
Малдын кыгын жыйнап, от жакканды билбейм. Билгим да келбейт. Эми ошон үчүн өзүмдү жемелешим керекпи?
Балким көңүл бурбай эле койгонум оң. Бүттү, мындан ары эч кимге, эч нерсеге көңүл бурбай, өз алдынча оокатымды кыла берем.