// //

Маркум атамдын карызын төлөбөй койсом болобу? Теолог менен юристтен кеңеш

2019.03.06, 14:33
3671

Bilesinbi.kg’ге маркум атасынын карызын мойнуна алып, бирок төлөй албай жүргөн Чынарбек мырза (аты өзгөртүлдү) кайрылды. 

Саламатсызбы! Атам Россиянын жараны, чоң суммада насыя алган. Убагында төлөп жүрүп, кийин каза болуп калды. Канча калганын билбейм, бирок молдого "карызын мен төлөйм",-деп айткам. Бир жыл өттү, насыя ошол бойдон турат. Учурда төлөй турган абалда эмесмин. Колума акча тийгенде, насыянын суммасындай садака кылып койсом болобу?

Кадыр Маликов, теолог

Саламатсызбы! Атаңыз насыяны банктан алганбы же бир адамданбы? Эгерде белгилүү кишиден алган болсо, ага барып, карызды кечүүнү же төлөө мөөнөтүн узартууну суранып көрүңүз. Макул болсо жакшы, болбосо төлөп берүүгө милдеттүүсүз.

Атаңыз алган банктын сиз менен келишими барбы? Бар болсо, насыя төлөбөй жүргөнүңүз үчүн санкциялар (мүлктү алуу) болушу мүмкүн. Келишим жок болсо, кийин акчаңыз болгондо, карыздын суммасын сөзсүз садака кылып коюшуңуз керек. 

Нурислам Раимжанов, юрист

Урматтуу окурман, сурооңузда тактай турган бир канча учурлар бар экен.

Биринчиден, атаңыз, чоң суммада насыя алып жатканда мүлкүн күрөөгө койгонбу? Койгон болсо, төлөнбөгөн насыя үчүн банк аны алат.

Экинчиден, күрөөгө мүлк коюлбаса, ал эми сиз атаңыздан калган мүлккө мурсакор болуп дайындалсаңыз, КРнын мыйзамдарына ылайык, насыяны төлөө милдети сизге жүктөлөт. Эгер мураскор болуп табылбасаңыз, насыя төлөөдөн бошотуласыз. 

Айта кетчү нерсе, атаңыз насыяны Россиядан алганбы же Кыргызтанданбы? Себеби Россиянын мыйзамдары башка. Сурооңузду кайрадан кененирээк кылып жазып жиберсеңиз жакшы болот. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт