// //

Кош бойлуумун, жынысым ачышып жатат. Эмнеге?

2019.03.06, 12:13
2361

Силердин даректи ютубдан алдым. Аябай жакшы долбоор экенсиңер. Гинеколог эжеге суроом бар эле.

Биринчи балам боюман түшүп калган, кудайга шүгүр азыр үч айлык боюмда бар. Төрт күндөн бери жынысым кычышып, ачышып ооруп жатат. Эмне себептен мындай болуп жатат? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.03.2019, 12:19

Гүлзина Мадраимова 

Акушер-гинеколог

Айым, бойдо бар кезде иммунитет төмөндөп, сезгенүүгө бат учурайсыз. Жыныс мүчөнүн кычышуусунун себеби молочница.

Молочница - иммунитет төмөндөгөндө, антибиотиктерди көп колдонгондо пайда болот. Кош бойлуу кезде жана өспүрүм кыздарда гормондун өзгөрүүсүнөн да көбөйүшү мүмкүн. 

Белгилери:

  • Быштак сымал вагиналдык суюктук бөлүнүп чыга баштайт;
  • Жыныс органынын сырты кызарып, шишип, сезгенип жана кычышат;
  • Заара чыгарууда, жыныстык катнашта ыңгайсыздык жаратып оорутат.

Көзөмөлгө алуучу гинекологго кайрылып, анализ тапшырыңыз.

Аман-эсен көз жарып алыңыз! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт