Кош бойлуумун, жынысым ачышып жатат. Эмнеге?
2019.03.06, 12:13
2560
Силердин даректи ютубдан алдым. Аябай жакшы долбоор экенсиңер. Гинеколог эжеге суроом бар эле.
Биринчи балам боюман түшүп калган, кудайга шүгүр азыр үч айлык боюмда бар. Төрт күндөн бери жынысым кычышып, ачышып ооруп жатат. Эмне себептен мындай болуп жатат?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.03.2019, 12:19
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Айым, бойдо бар кезде иммунитет төмөндөп, сезгенүүгө бат учурайсыз. Жыныс мүчөнүн кычышуусунун себеби молочница.
Молочница - иммунитет төмөндөгөндө, антибиотиктерди көп колдонгондо пайда болот. Кош бойлуу кезде жана өспүрүм кыздарда гормондун өзгөрүүсүнөн да көбөйүшү мүмкүн.
Белгилери:
- Быштак сымал вагиналдык суюктук бөлүнүп чыга баштайт;
- Жыныс органынын сырты кызарып, шишип, сезгенип жана кычышат;
- Заара чыгарууда, жыныстык катнашта ыңгайсыздык жаратып оорутат.
Көзөмөлгө алуучу гинекологго кайрылып, анализ тапшырыңыз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
0
Пайдалуу жооп