Официант болуп иштегени жатам. Айлыкты бербей коюшу мүмкүнбү?
Саламатсызбы! Окуудан кийин официант болуп иштейин дегем. Бир жерден жумуш таптым, айлыкты жумасына берет экен. Бирок, "бербей койсочу" деп, күмөн санап жатам. Эмне кылсам болот?
Бакытбек Жолчуев
Мамэкотехинспекциянын эмгекти жана эмгек мамилелерин коргоо бөлүмүнүн башчысы
Саламатсызбы! Биринчиден КРнын Эмгек кодексин окуп чыгыңыз. Бул сиздин укугуңузду коргойт.
Жаңы жумушка кирип жатканда сөзсүз түрдө эмгек келишимин түзүңүз. Болбосо, ал жерде иштегениңизди тастыктоо кыйынга турат. “Ыкчам келишим” деген нерсе бар. 2-3 ай иштегендер түзсө болот.
Белгиленген күнү акча бербесе, иштеген мекемеңиздин жетекчилигине арыз жазыңыз. “Билгениңди кыл”,- деп койсо Мамэкотехинспекцияга келсеңиз, биз жардам беребиз.
Дарегибиз: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119 (ар бир региондо башкармалыктар бар)
Электрондук почта: getiserver@mail.ru
Телефон: +996 (312) 56-48-15.