// //

Жатыным кыйшыйып калыптыр. Ачыгын билгим келет

2019.03.05, 16:22
1714

Саламатсыздарбы! Абдан жакшы долбоор. Менин да силерге суроом бар эле.

Уйкуга жатканда тиземди көкүрөгүмө жакын кылып жатсам, бүкүрөйүп олтурсам киндигимдин асты ачышып оорутат. Бутумду бүкпөй койсом оорутпай калат. УЗИге түшсөм, "жатының кыйшыйып калыптыр" деген. Гинеколог болсо, "бары жакшы" деди. Ачыгын билгим келет. 

Жооп үчүн алдын ала рахмат! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.03.2019, 16:31

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Урматтуу айым, бүкүрөйүп олтуруу, бүгүлүп жатуу эс алуудагы туура эмес поза болуп эсептелинет. Мындай учурларда кан айлануу начарлайт. Ошондуктан сиз ооруну сезип жатасыз. Түз болууга аракет жумшаңыз. 

Убагында заара, заң чыгарбаганда да жатын кыйшыйып артка же алдыга бүктөлүп, этек кир келгенде ыңгайсыздык жаратып ооруксунууну пайда кылат.

Ден соолукта болуңуз! 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
07.03.2019, 02:11

Саламатсызбы бишкекте ен тажрыйбалуу ортодонт кайсы жакта арзан жана эн арзан брекет бааларын билгим келет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт