Жатыным кыйшыйып калыптыр. Ачыгын билгим келет
2019.03.05, 16:22
1856
Саламатсыздарбы! Абдан жакшы долбоор. Менин да силерге суроом бар эле.
Уйкуга жатканда тиземди көкүрөгүмө жакын кылып жатсам, бүкүрөйүп олтурсам киндигимдин асты ачышып оорутат. Бутумду бүкпөй койсом оорутпай калат. УЗИге түшсөм, "жатының кыйшыйып калыптыр" деген. Гинеколог болсо, "бары жакшы" деди. Ачыгын билгим келет.
Жооп үчүн алдын ала рахмат!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.03.2019, 16:31
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу айым, бүкүрөйүп олтуруу, бүгүлүп жатуу эс алуудагы туура эмес поза болуп эсептелинет. Мындай учурларда кан айлануу начарлайт. Ошондуктан сиз ооруну сезип жатасыз. Түз болууга аракет жумшаңыз.
Убагында заара, заң чыгарбаганда да жатын кыйшыйып артка же алдыга бүктөлүп, этек кир келгенде ыңгайсыздык жаратып ооруксунууну пайда кылат.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп