Теннис оюнчусу болгум келет. Эмнеден башташым керек?
2019.03.05, 16:18
2192
Теннис оюнчусу болгум келет. Мага спорттун ушул түрү боюнча маалымат бере аласызбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.03.2019, 16:22
Владимир Борисов
Теннис боюча машыктыруучу
Теннис менен машыгуу ден соолукка абдан пайдалуу. Бул спорт тынымсыз кыймылда болууну талап кылат. Бардык булчуңдар иштейт. Ошондуктан мүчөнүн көрктүү болушуна көмөктөшөт. Чоң теннисте укмуштуудай адреналин бөлүнүп, терс эмоциялардын баары чыгат.
Теннис менен машыгууну жазында баштаган оң. Колдон келсе, жумасына 3 жолудан кем эмес.
Стандарттуу темп менен машыгып отурса 6 айдан кийин толук кандуу оюнга катыша аласыз. Бирок, алгачкы 2-3 ай өтө монотондуу жана кызыксыз. Каалоочулардын көбу ушул этапта эле теннистен баш тартышат.
Баалар:
- Машыктыруучунун кызматы саатына – 300дөн 1000 сомго чейин.
- Теннис аянтчасын ижарага алуу саатына – 100дөн 800 сомго чейин.
- Айымдардын формасы – 12 000ден 15 000 сомго чейин.
- Мырзалардын формасы – 5000-6000 сом.
- Атайын теннис үчүн кроссовкалар – 5000ден 12 000 сомго чейин.
- Ракетка эскиси – 2000 сомдон жогору, жаңысы 10 000 сомдон 300$ чейин.
0
Пайдалуу жооп