Инфекциянын айынан балам 3 күндөн кийин чарчап калды
Саламатсызбы. Мен 2018-жылы уюль айында төрөгөм. Ай-күнүнө 23 күн жетпей көз жардым. 3 күндөн кийин балам чарчап калды. Врачтар инфекция кирген деп айтышты. Алты айдан кийин кайра боюма бүттү. Учурда 6-7 жума болуп калды.
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Кийинки бойго бүтүрөөрдөн мурун толугу менен медициналык текшерүүдөн өтүп, жакшылап дарыланып, андан кийин гана наристени пландаш керек болчу.
Сиз толугу менен текшерүүдөн өтүңүз. Жатындагы (внутриутробные) инфекцияларды аныктоо үчүн кан тапшыруу, генетиктин консультациясын алуу, УЗИге кайрадан түшүү зарыл.
Жатындагы инфекциялар негизинен жыныстык жол аркылуу жугат. Ошондуктан, жолдошуңуз да доктурга көрүнүп, анализ тапшырып, дарылансын.
Баланын калыптануусундагы кандайдыр бир жетишпестиктерди, кемчиликтерди алдын алуу үчүн Элевит менен фолий кычкылын (кислота) тынбай ичүү керек.
Толук кандуу тамактаныңыз. Инфекциялар күч алып турганда коомдук жайларга чыга турган болсоңуз маска тагынып жүрүңүз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!