// //

Абитуриентке: Куреңкеев атындагы музыкалык окуу жай

2019.03.05, 13:40
6011

Bilesinbi.kg кесиптик окуу жайлар тууралуу жазып келет. Бул ирет, келечегин музыка менен байланыштырган өспүрүмдөр үчүн Мураталы Куреңкеев атындагы музыкалык окуу жай жөнүндө айтып берет.

Окуу жай 9-11 класстын базасында кабыл алат. Окуу жайга тапшыруу үчүн ЖРТ тапшыруунун кереги жок. Училище музыкалык даярдыгы (билими) бар  абитуриенттерди кабыл алат.

Окуу жайдагы бөлүмдөр:

  • Фортепиано;
  • Кылдуу аспаптар;
  • Үйлөмө жана урма аспаптар;
  • Кыргыз эл аспаптары;
  • Орус эл аспаптары;
  • Вокалдык искусство;
  • Хор дирижерлугу;
  • Музыканын теориясы;
  • Музыкалык эстрада искусствосу.

Окутуунун мөөнөтү:

3 жыл 10 ай.

Кирүү экзамендери:

  • Кыргыз же орус тилинен диктант;
  • Аспапта черте билүү денгээли;
  • Сольфеджио;
  • Теория;
  • Музыкалык адабият;
  • Үнү;
  • Угуусу;
  • Ритмди сезүүсү;
  • Эс тутуму.

Эскертүү! Кирүү экзамендерине коюлган талаптар өзгөрүшү мүмкүн.

Окууга тапшыруу үчүн керектелүүчү документтер:

  • Аттестат (түп нускасы);
  • Музыкалык мектептин диплому;
  • 3х4 өлчөмүндөгү 6 фото сүрөт;
  • № 086-У формасындагы медициналык маалымкат;
  • Паспорт;
  • Аскердик билет.

Билим берүү бюджеттик негизде.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылыңыз:

Бишкек шаары, Панфилов көчөсү 162.

Телефон: 0312 62-17-57

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
C
Cholpon Gumadylova
07.11.2020, 14:32

9класстын бпзасында даярдоо курстпры барбы Куренкеев колледжине .болсо кызымды киргизип койсом дегем .кызым азыр 9класс.комузда чертип элдик ырларды ырдайт 

0
Пайдалуу жооп
C
Cholpon Gumadylova
07.11.2020, 14:32

9класстын бпзасында даярдоо курстпры барбы Куренкеев колледжине .болсо кызымды киргизип койсом дегем .кызым азыр 9класс.комузда чертип элдик ырларды ырдайт 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт