Абитуриентке: Куреңкеев атындагы музыкалык окуу жай
2019.03.05, 13:40
6973
Bilesinbi.kg кесиптик окуу жайлар тууралуу жазып келет. Бул ирет, келечегин музыка менен байланыштырган өспүрүмдөр үчүн Мураталы Куреңкеев атындагы музыкалык окуу жай жөнүндө айтып берет.
Окуу жай 9-11 класстын базасында кабыл алат. Окуу жайга тапшыруу үчүн ЖРТ тапшыруунун кереги жок. Училище музыкалык даярдыгы (билими) бар абитуриенттерди кабыл алат.
Окуу жайдагы бөлүмдөр:
- Фортепиано;
- Кылдуу аспаптар;
- Үйлөмө жана урма аспаптар;
- Кыргыз эл аспаптары;
- Орус эл аспаптары;
- Вокалдык искусство;
- Хор дирижерлугу;
- Музыканын теориясы;
- Музыкалык эстрада искусствосу.
Окутуунун мөөнөтү:
3 жыл 10 ай.
Кирүү экзамендери:
- Кыргыз же орус тилинен диктант;
- Аспапта черте билүү денгээли;
- Сольфеджио;
- Теория;
- Музыкалык адабият;
- Үнү;
- Угуусу;
- Ритмди сезүүсү;
- Эс тутуму.
Эскертүү! Кирүү экзамендерине коюлган талаптар өзгөрүшү мүмкүн.
Окууга тапшыруу үчүн керектелүүчү документтер:
- Аттестат (түп нускасы);
- Музыкалык мектептин диплому;
- 3х4 өлчөмүндөгү 6 фото сүрөт;
- № 086-У формасындагы медициналык маалымкат;
- Паспорт;
- Аскердик билет.
Билим берүү бюджеттик негизде.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылыңыз:
Бишкек шаары, Панфилов көчөсү 162.
Телефон: 0312 62-17-57
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.