Түбүнөн сынып калган тишти кайра калыбына келтирсе болобу? Стоматолог жооп берет
2019.03.04, 15:35
1725
Саламатсызбы. Эгер тиш түбүнөн сынып калса, кайра калыбына келтирүү мүмкүнбү? Менин маңдайкы тишим сынып калган.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.03.2019, 15:36
Нуржамал Канатбекова
Стоматолог
Саламатсызбы. Алгач тишиңизди рентгенге тарттыруу зарыл. Эгер тишиңиз бүлөнүн (тиш этинин) деңгээлинен жогорураак сынса анда калыбына келтирүү кыйынчылык жаратпайт, ал эми төмөн сынса анда мүмкүн эмес.
Тишти калыбына келтирүүнүн төмөнкү варианттары бар:
1-вариант. Штиф орнотулуп, анын тегерегине тиш өстүрүлөт.
2-вариант. Атайын өзөк (вкладка) орнотулуп, ага кийме тиш (коронка) кийгизилет.
Акчасы: Бишкек шаары боюнча 1500 сомдон 3500 сомго чейин.
Убактысы: бир-эки күн.
0
Пайдалуу жооп