Англис тилин бир айда үйрөнүү мүмкүнбү? Эксперт жооп берет
Саламатсызбы, англис тилин эркин сүйлөөнүү үйрөткөн 1 айлык курстар барбы?
Эрнис Адылбеков
“English zone” борборунун негиздөөчүсү
Саламатсызбы окурман. Эгер сиз кандайдыр бир интервьюга же тестке даярданып жатсаңыз, жана тилдин кандайдыр бир базасы бар болсо, анда ошол теманын алкагында үйрөнүү мүмкүн. Ал үчүн тиешелүү курстарга же репетирлорго кайрылсаңыз болот.
Ал эми, 1 айда англис тилинде эркин сүйлөп калуу мүмкүн эмес. Бул жөн гана өзүңдү-өзүң алдагандык. Бир ай бою, күнүнө 24 саат убактыңызды тил үйрөнүүгө жумшаганда да тиешелүу натыйжа чыкпайт.
Тил үйрөнүүдө негизги принцип туруктуулук, стабилдүүлүк, регулярдуулук. Күндө 1-1,5 саат убактыңызды бөлүп, бир жыл окусаңыз, базасын мыкты билип каласыз.
Мен тил үйрөнүүнү мөмө бакты өстүрүүгө салыштырам. Сиз алма бактын көчөтүн тигип, аны 24 саат сугарсаңыз да ал бир айдан кийин түшүм бербейт да туурабы? Ага күндө аз-аздан кам көрүү керек. Бир нече жылдан кийин гана анын мөмөсүн татып жесеңиз болот. Тил үйрөнүү үчүн да каалоо жана убакыт зарыл.
Ийгилик каалайм!