// //

Айызым бүткөндөн кийин жагымсыз жыт чыгып, тердеп турам. Гинеколог жооп берет

2019.03.01, 12:57
1963

Саламатсызбы. Жашым 22де. Эки-үч айдан бери этек кирим бүткөндөн кийин бир жума жагымсыз жыттагы суюктук бөлүнөт. Кээде кычышып, ыңгайсыздык жаратат. Колтугум да тердеп, жыттанып калат. Мурда андай болчу эмес. Эмне кылышым керек? Кандай кеңеш бересиз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.03.2019, 12:58

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Сиз айтып жаткан симптомдор кольпит оорусуна окшошуп турат.

Кольпит – бул кындын жана жатын моюнчасындагы былжырдын сезгениши.

Симптомдору: суюктук бөлүнөт (выделение), жагымсыз жыттанат, кындын тышкы бырыштары ачышат.

Бирок, көрбөй туруп айтуу кыйын. Так билүү үчүн гинекологго барып анализ тапшырып, анын жыйынтыгына жараша дарылануу зарыл.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт