Баламдын сүйүнчү пулун кайын эжем алып койду. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Менин балама төлөнө турган "Балага сүйүнчү" жөлөк пулун кайын эжем алып коюптур. Бул боюнча кимге кайрылсам болот?
Айкөл Турганбаева
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! "Балага сүйүнчү" - баланын алгачкы муктаждыктарына арналган жөлөк пул. Аны кайын эжеңиздин алганга укугу жок. Бул боюнча атайын органдарга билдириңиз.
"Балага сүйүнчү" жөлөк пулун ымыркайдын ата-энесинин бирөөсү же болбосо алар жазып берген ишеним каттын негизинде, ишенимдүү адам алат. Акча колго берилбейт, банктык эсепке которулат.
Сүйүнчү пул кайын эжеңиздин колуна кандайча түшүп калды? Ага ишеним катты ким жазып берди? Банктык эсеп кимдин атына ачылган? Сурооңузду толуктап жазып, кайра кайрылыңыз.