// //

Бир баласы бар жалгыз бой эне жөлөк пул ала алабы?

2019.03.01, 10:26
1872

Саламатсызбы! Менин күйөөм жок. 7 айлык кызым бар, эч жерде иштебейм, ата-энемдин үйүндө турам. Жөлөк пул алайын десем "бир балалууларга бербейбиз",- деди. Укканыма караганда, бир бала менен алып жүргөндөр бар экен. Мен да алсам болобу же жокпу?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.03.2019, 13:30

Айкөл Турганбаева

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери 

Саламатсызбы! Сиз 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөгө дайындалган "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулуна документ тапшырсаңыз болот. 

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун чектөөдө балдардын саны эске алынбайт. Мал жандыктар, үй-бүлөнүн кирешелери, анын ичинде айлык акы, ишкердик кылуудан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер гана эске алынат.

Балаңыз менен  жалгыз жашасаңыз, жардам берген эч ким жок болсо жөлөк пул берилет. Бирок, сиз ата-энеңиз менен чогуу турат экенсиз. Демек, жөлөк пул дайындоодо алардын тапкан кирешеси эске алынып калат. Айта кетчү нерсе, балаңызга алимент алсаңыз, ал да киреше катары эсептелет.

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу шарттары бул жерде. 

Суроолор боюнча шаардык же райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына же КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтына кайрылыңыз! Байланыш телефону: 0312 30 01 26.

 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт