Загран паспорт алыш үчүн үйдүн документи керекпи? Эксперт жооп берет
2019.02.28, 17:45
2252
Саламатсызбы. Загран паспорт алайын десем, үйдүн документи, атамдын паспорту керек дешти. Үйдүн документи жок экен. Шаарда турган туугандарымдын документтери менен базага кирип, паспорт алсам болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.02.2019, 17:46
Бакай Алишеров
Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатсызбы окурман. Жалпы жарандык паспорт алуу үчүн:
- ID-card
- Үйдүн техпаспорту керек.
Үйлөнгөн болсоңуз никелешүү тууралуу күбөлүк, ажырашкан болсоңуз ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк керек.
Эгер эч жерде каттооңуз жок болсо, жергиликтүү башкаруу органдарына кайрылып, убактылуу каттоо жөнүндө маалымкат алсаңыз болот.
Жалпы жарандык паспорт, мыйзам боюнча 18 иш күндүн ичинде жасалат, жана ал үчүн 530 сом салык төлөнөт.
0
Пайдалуу жооп