// //

11-класстын аттестатын кантип жасатсам болот?

2019.02.28, 16:46
1264

Кантип  11-класстын аттестатын жасатсам болот? Аябай университетке тапшыргым келип жатат. Былтыр акчанын жоктугуна байланыштуу тапшыра албай калгам. Өзүм ата-энемдин каалоосу менен 9-классты бүтүп, ашпозчунун окуусун бүтүргөм.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.02.2019, 16:48

Айзуура Чыкынова

Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-катчысы

Саламатсызбы, эгерде сиз кесиптик лицейди толук окуп бүтсөңүз, сизге академиялык маалымкат берилет. Билим берүү министрлигине келип, маалымкаттын негизинде 11-класстын аттестатын акысыз ала аласыз. Ал эми окууну толук бүтүрө элек болсоңуз, кечки мектепке барып окууну бүтүрүү мүмкүнчүлугүңүз бар. Кадимкидей эки жыл окуп, мамлекеттик сынактарды тапшырып, 11-класстын аттестатын алсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт