11-класстын аттестатын кантип жасатсам болот?
2019.02.28, 16:46
1502
Кантип 11-класстын аттестатын жасатсам болот? Аябай университетке тапшыргым келип жатат. Былтыр акчанын жоктугуна байланыштуу тапшыра албай калгам. Өзүм ата-энемдин каалоосу менен 9-классты бүтүп, ашпозчунун окуусун бүтүргөм.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.02.2019, 16:48
Айзуура Чыкынова
Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-катчысы
Саламатсызбы, эгерде сиз кесиптик лицейди толук окуп бүтсөңүз, сизге академиялык маалымкат берилет. Билим берүү министрлигине келип, маалымкаттын негизинде 11-класстын аттестатын акысыз ала аласыз. Ал эми окууну толук бүтүрө элек болсоңуз, кечки мектепке барып окууну бүтүрүү мүмкүнчүлугүңүз бар. Кадимкидей эки жыл окуп, мамлекеттик сынактарды тапшырып, 11-класстын аттестатын алсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп