// //

Биринчи жардам: Колду кесип алганда эмне кылуу керек?

2019.02.28, 13:37
7535

Терапевт Жылдыз Токтоналиева колду кесип алганда эмне кылуу керектигин Bilesinbi.kg’ге айтып берди.

Кандайдыр бир курч нерсе, мисалы, бычак, бөтөлкө же айнектин сыныктары менен колду кесип алганда, антисептикалык эрежелерди сактагыла.

Биринчи жардам

  • Кесип алган жерди муздак суу менен жуугула.
  • Канды азайтуу үчүн жараттын четин манжаңар менен басып, суутек перекиси (перекись водорода) менен тазалап, тегерегине зеленка же йод сүйкөгүлө.
  • Йод же зеленка жараттын ичине түшүп кетпесин, байкап тургула.
  • Стерилденген бинт же пластырь менен таңгыла.
  • Жаныңарда стерилдүү материал жок болсо, кадимки таза чүпөрөктү үтүктөп пайдалансаңар болот.

Колду таңгандан кийин үстүнө муз же муздак бир нерсе басып койсоңор, ооруну басаңдатат, канды токтотот, шишиктин пайда болуусун алдын алат.

Эскертүү!

  1. Тери же анын астындагы май катмары жабыркаса - жаратты жууп, антисептикалык каражат сүйкөп, канды токтотуп коюу жетиштүү.
  2. Эгерде жаракат терең болуп, нерв, чоң кан тамыр, тарамыш же байламталар жабыркаса, антисептикалык каражат сүйкөп, дароо дарыгерге кайрылгыла.

Биринчи жардам көрсөтүүдөн эч кандай майнап чыкпаса, 5-10 мүнөт ичинде кан токтобосо тез жардам чакыргыла.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт