18 жашымда боюмдан алдырткам. Эми төрөй аламбы?
2019.02.28, 11:41
1379
18 жашымда боюмда болуп калган. Ооруканага барсам дары менен түшүруп беришкен, бирок тазалаткан эмесмин. Эми кайра боюмда болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.02.2019, 11:48
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Окурман, аборт (бойдон алдыруу) дары ичүү, сордуруп алуу, кырдырып салуу жолу менен болсо дагы ден соолукка зыян.
Кээ бирөөлөр ойлойт "мен аборт кылган жокмун, дары эле ичип койдум" деп. Бул жаңылыш түшүнүк.
"Кайрадан боюмда болобу?" деген сурооңо, дарыгердин толук көзөмөлүнөн өтүп, турмушка чыгып, дени сак эркек менен жыныстык катнашта болуп, алты айдан кем эмес убакыт өткөндөн кийин гана так жооп ала аласың.
Туура түшүнөсүң деген ойдомун. Ден соолук каалайм!
0
Пайдалуу жооп