Этек кирим 7 күн келет. Бул нормалдуубу?
Саламатсызбы! 19 жаштамын. Этек кирим 7 күн келет. Бул көп эмеспи?
Бактыгүл Абдраманова
Гинеколог
Саламатсызбы! Айызыңыз канча жашыңызда келгенин толук жазсаңыз жакшы болмок. Себеби менструалдык цикл жаңы башталганда туруктуу эмес болот, бир келип, 2-3 ай келбей же бир айлап токтобой келет, 6-7 күнгө созулат.
Ошондой эле, этек кир мынча күн келиши керек деген нерсе жок. Ар бир айымдыкы индивидуалдуу. Жакшысы, гинекологго барып, текшерүүдөн өтүңүз.
Менструалдык цикл календарын колдонууну унутпаңыз. Ал жерде баары жазылуу. Түшүндүрө кетсем “скудный”-аз, “умеренно”-орточо, “обильно”-көп келди дегенди билдирет. Ай сайын белгилеп, гинекологго барганда ала барып көрсөтсөңүз, сизге диагноз коюуга оңой болот.