Ангинаны кайсы айда алдыртса болот? ЛОР жооп берет
2019.02.27, 14:50
3819
Саламатсызбы, акыркы күндөрү ангинам көп кармачу болду. Ангинаны кайсы айда алдыртса болот? Күн жылууда деле операция жасала береби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.02.2019, 14:51
Надира Амантаева
ЛОР дарыгери
Саламатсызбы, окурман. Ангинаны алдыртуу операциясы мезгилге карабай, жыл бою жасала берет. Операция жасатуу үчүн дарыгерлер башка көрсөтмөлөргө көңүл бурушат.
- Эгер ЭКГнин корсөткүчтөрү начар чыгып, бейтаптын жүрөгүнүн иштешине терс таасири тийип жаткан болсо;
- Муундары ооруп, анализдин негизинде ревматизм бар экени тастыкталса;
- Эгер бөйрөктөрүнүн иштеши бузулуп, пиелонефрит тастыкталса.
Мына ушул жана башка көрсөткүчтөрдүн негизинде ангинаны алып салуу боюнча операция жасалыш керек деген чечим кабыл алынат.
Сизге ден соолук каалайм!
0
Пайдалуу жооп