Россияда жүргөн тууганыма паспорт жасатып берсем болобу?
2019.02.27, 14:09
1160
Саламатсызбы, менде бир суроо бар. Жакын тууганым Россия Федерациясында эмгектенип жүрөт. Мен анын ордуна документ чогултуп, загран паспортун жасатып берсем болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.02.2019, 14:10
Бакай Алишеров
Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Тилекке каршы, башка адам кимдир бирөө үчүн жарандык паспорт ала албайт. Себеби, документ берилип жатканда адамдын сүрөтү жана колу керек.
Бирок, сиздин тууганыңыз Россияда жүрүп деле паспорт жасата алат. Ал үчүн Кыргызстандын элчилигине кайрылсын. Кыргызстандын мыйзамына ылайык, элчиликтер документ жасап берүү укугуна ээ.
0
Пайдалуу жооп