Жалгыз уулмун, бирок аскерге баргым келет. Эксперт жооп берет
Саламатсызбы. Аскердик кызмат тууралуу сурайын дегем. Мен жалгыз уулмун, бирок аскерде кызмат өтөгүм келет. Военкоматка барсам мени албай коюшабы? Аскерге баруу үчүн эмне кылышым керек?
Тимур Шаршеналиев
КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин пресс-катчысы
Урматтуу окурман, эгер сиздин эки ата-энеңиз тең бар болсо, жалгыз уул болсоңор деле аскерге чакырыласыз. Ал эми сиздин бир эле ата-энеңиз, жана сиз үй-бүлөнүн жалгыз багуучу болсоңуз анда чакырылбайсыз.
Бирок, ошого карабастан аскерге кызмат өтөгүм келет десеңиз, анда жашаган жериңизге караштуу аскер комиссариатына атаңыз же апаңыз менен бирге барып, ата-эненин көзүнчө арыз жазасыз. Ата-энеңиз да аскерге барышына каршы эмесмин деген арыз жазат.
Андан кийин медициналык көзөмөлдөн өтсөңүз аскерге кабыл алынасыз.
Ийгилик каалайм!