// //

Түрмөдө отурган адам жакшы күйөө боло алабы? Психолог кеңеш берет

2019.02.27, 10:46
2664

Нурайым (аты-жөнү өзгөртүлдү) студент. 4 ай мурун ага социалдык тармактан бирөө кат жазат. Сүрөтүнөн келишимдүү жигит экенин көрүп жооп берет. Арадан убакыт өтүп, экөө ынак болуп калат. Көп өтпөй жигит түрмөдө экенин айтат.  

Салам Bilesinbi.kg! Мен учурда кеңешке муктажмын. Жигитим бар. Интернет аркылуу таанышканбыз. Жакында түрмөдө экенин айтты. Шылуундук (мошеничество) менен айыпталып олтурганына 6 ай болуптур. “Күнөөлүү эмесмин, 1 айдан кийин чыгам”,- деди. Эмне кылышты билбей турам. Мен ага көнүп калгам.

Жигит жөнүндө билген Нурайымдын апасы ачуусун баса албай турган кези.

Кечээ апама айтсам катуу урушту. “Эгерде аны менен мамилеңди үзбөсөң, сүйлөшпөйм”,- деди. Кандай ойлойсуңар, түрмөдөн чыккан адам жакшы ата, күйөө же жигит боло алабы? Ал менен олуттуу мамиле курсам болобу?

Тамара Воронцова, психолог

Кымбаттуум! Өзүң жөнүндө аз жазганың өкүнүчтүү. Кел анда, камактагы бала менен болгон мамилеңди талдап көрөлү. Биринчиден, алардын баары кыздарга күнөөлүү эмес экенин айтат, чын-чынына келгенде 99% айыбына жараша соттолгон. Шылуундук беренеси да жөн берене эмес.

Эмне себептен өзүнө көндүрүп, андан кийин абакта экенин айткан адамга ишенип жатасың? Көп учурда, түрмөдөн келген сүйүү каттарын кат ээсинин ордуна кооз жазганды билген жанындагы бирөө жазып берет. Кат жазышуу менен болгон мамиле - бул үй-бүлө кура турган мамиле эмес. Аны менен жөн гана сүйлөшкөн жоксуң да туурабы? Сен өзүңө күйөө жана келечектеги балдарыңа ата тандап жатасың.

Кийин кызың мыйзамды бузган же баңги колдонгон адамга турмушка чыгышына макул болот белең? Башка жигиттер менен таанышып, жолугуп, андан кийин татыктуусун тандап ал. Сезимдериңди гана эмес, акыл-эсиңди жана апаңды ук. Эч ким сени апаңдай жакшы көрбөйт.

Жакшылап ойлон кымбаттуум!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт