Түрмөдө олтурган адам ажырашууга арыз жаза алабы?
2019.02.26, 16:31
973
Саламатсызбы! Жигитим мыйзамдуу түрдө ажыраша элек, эки баласы бар, учурда абакта. Ажырашууга ошол жерден арыз жазса болобу? Түрмөдө олтурган адамга ажырашкандан кийин балдарын көрсөтөбү?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.02.2019, 16:32
Нурислам Раимжанов
Юрист
Саламатсызбы! Жигитиңиз абактын жетекчилиги аркылуу сыртта жүргөн адамга ишеним кат жиберсе болот. Ал адам жигитиңиздин атынан сотко кайрылып, никени буза алат.
Ажырашкандан кийин балдары менен байланышып турса болот. Бир гана шарт бар, аталык укугунан ажыратылбаган болушу керек.
0
Пайдалуу жооп