Спираль салдырган күндө да бойго бүтүп калышы мүмкүнбү?
Саламатсызбы Bilesinbi.kg сайты. Менин суроомо жооп алып бериңизчи? Спиралым бар, бирок этек кирим 20 күндөн бери келбей жатат. Боюма бүтүп калышы мүмкүнбү? Эгер ошондой болсо, эмне кылышым керек?
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Жатындын ичине салынуучу спираль бойго бүтүп калуудан 100% сактайт деп кепилдик берүүгө болбойт. Башкача айтканда, туура эмес орнотулса же ордунан жылып калса бойго бүтүп калышы мүмкүн. Этек кир кечигип жатса (спираль болгон күндө да) тест алып текшерип көрүңүз. Андан тышкары УЗИге түшүп, кандын ХГЧ анализин тапшыргыла.
Эгер боюңарга бүтүп калганы тастыкталса, төрөйм деп чечсеңиз, спираль алынбайт. Себеби кан кетүү (кровотечение), анын натыйжасында бойдон түшүп калуу коркунучу жогору.
Спиралы менен бойго бүтүп калганда, кош бойлуулук кадимкидей эле өтө берет, болгону бойдон түшүү коркунучу 2-3 эсе жогорулайт.