Жөлөк пул чектебей жатышат. Кимге кайрылсак болот?
Саламатсызбы Bilesinbi.kg! Эки балам бар, жолдошум иштебейт, батирде турабыз. Жөлөк пул алсак болобу? Күйөөм социалдык башкармалыкка барса, "жумуш таап беребиз, айына 5000 сом аласың, андан көрө иште", - деп айтышыптыр.
Эмнеге бизге жөлөк пул чектелбейт? Бизден байлар деле алып жатышпайбы! Үлүш жерибиз, үйүбүз, малыбыз жок. Кимге кайрылсак болот?
Айкөл Турганбаева
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу үй-бүлө кирешесин эске алуу менен, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөгө чектелет.
Тактап айтканда, "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоодо мал жандыктар, үй-бүлөнүн кирешелери, анын ичинде айлык акы, ишкердик кылуудан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер эске алынат.
"Батирде турабыз" деп жазыпсыз. Батир акчасын кантип төлөп жатасыңар? Балким силерде жашыруун киреше бар? Ошондон улам, социалдык өнүгүү башкармалыгы күйөөңүзгө жумуш сунуштап көрүшкөн.
Мүмкүн ай сайын эки балага 810 сомдон (ар бирине) күтүп олтургандан көрө, 5000 сом айлык алып иштеген туура болот. Кийин улгайганда да, пенсия менен камсыз болосуңар. Жакшылап ойлонуп көргүлө.
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу шарттары бул жерде.
Суроолор боюнча шаардык же райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына же КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтына кайрылыңыз! Байланыш телефону: 0312 30 01 26.