// //

Папилломавирус энеден балага жугабы? Гинеколог жооп берет

2019.02.25, 17:39
1949

Саламатсызбы. Папиллома вирус тууралуу айтып бере аласызбы? Менду  мурда бар болчу. Дары ичип, аябай дарылангам. 8 айдан кийин боюма бүткөн. Бул оору балама өтүшү мүмкүнбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.02.2019, 17:40

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Папилломавирустук инфекция кеңири жайылган оору. Бул дарт көбүнчө жыныстык катнаш аркылуу жугат, бирок тиричиликте да жугузуп алуу коркунучу бар (мисалы бассейнде). Папилломавирустук инфекция жукканда жыныс органдарында, колтуктарда, моюнда учтуу кондиломалар пайда болот. Аларды кетирүү комплекстүү дарыланууну талап кылат.

Вирус энеден балага төрөт каналдарынан (родовые пути) өтүп жаткан учурда жугушу мүмкүн. Ошондуктан мындай диагнозу бар аялдарга кесарево жолу менен төрөө сунушталат.

Эгер көбөйү, чоңою сыяктуу эч кандай белгилери байкалбаса, папиллома вирустар 2 жылдын ичинде өзү жок болот.  

Сиз, дарылангам деп жатасыз. Демек, сизде бардыгы жайында. Кам санагандын кажети жок, оору балага өтпөйт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт