// //

Жыныс мүчөмдү элге көрсөткүм келе берет, мен оорулумунбу? Психолог жооп берет

2019.02.25, 15:10
2009

Саламатсызбы. Менин жашым 29, үйлөнө элекмин. Менин жаман адатым бар. Жыныс мүчөмдү элге көрсөткүм келе берет. Бул адатты таштагым келет, бирок эмне кылышты билбейм.  Жардам бергилечи.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.02.2019, 15:22

Болот Темирбеков

Психолог

Саламатсызбы. Коомдук жайларда жыныс органдарын башкаларга (көбүн эсе карама-каршы жыныстагы адамдарга) көрсөтүү – эксгибиционизм деп аталат. Бул акт көпчүлүк учурда мастурбация менен коштолот.

Оорулардын эл аралык классификациясы боюнча эксгибиционизм сексуалдык нуктагы оору деп саналат.  Психотерапевттик ыкма менен дарыланат.

Карлыгаш Акимкулова

Психотерапевт

Сиз өзүңүз жардам сурап кайрылып жатасыз, демек көйгөйүңүздү түшүнүп, аны чечкиңиз келет. Сиз жардамга муктажсыз. Психотерапевтке кайрылып, дарыланса болот. Бирок, мындай диагноз менен кайрылгандардын көпчүлүгү мокумун кандыруу үчүн келишет. Ошондуктан алар менен иштешүүгө чанда гана психотерапевттер макул болушат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт