Нормада жыныс мүчө канча см болушу керек?
2019.02.25, 10:26
6263
Саламатсызбы! 20 жаштамын, жыныс мүчөм 10 см. Сурайын дегеним дагы өсөбү же ушул бойдон токтоп калабы? Нормада канча см болушу керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.02.2019, 10:28
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, уролог
Урматтуу мырза! 10 см деп жатасыз, бул өлчөм кадимки абалындабы же эрекция учурундабы? Сурооңузду толук жазыңыз. Кандай болгон күндө да жыныс мүчөнүн өлчөмүн ойлонбой, табияттан кандай болсо, ошого ыраазы болуп жүрө бериш керек.
10 смдан өйдө болсо, бул норма. Эгерде эрекция учурунда 9 смден кичинекей болсо, “микро пенис” деп диагноз коюлуп изилдөөгө алынат.
0
Пайдалуу жооп