// //

Кесареводон кийин төрөй албай калдым. Гинеколог жооп берет

2019.02.22, 17:04
1216

Саламатсызбы, мен сизден сурайын дегем. Биринчи баламды өзүм төрөгөм, экинчисин 2009-жылы кесарево менен төрөдүм. Ошондон бери боюма бүтпөй атат. Менин жатын түтүктөрүмдү (трубаларымды) бууп салышкан окшойт деп шекшип жатам. Аны кантип билсем болот? Кимге текшерилишим керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.02.2019, 17:05

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Кесарево операциясы кыйынчылыксыз өтсө тукумсуздукка алып келбейт. Дарыгерлер сиздин макулдугуңузду албай туруп жатын түтүктөрүңүздү буумак эмес. Андай болгон күндө да, операция бүткөндөн кийин сизге маалымдашмак. (Выпискага – бардык медициналык манипуляциялар жазылууга тийиш).

Жатын түтүктөрдү текшерүү үчүн - гистеросальпингография деген процедура бар. Андан тышкары толугу менен кароодон өтүү керек. Булар: УЗИ, гормоналдык скрининг, сезгенүүгө каршы терапия. Албетте жолдошуңуз менен биргеликте.  

ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт