Көзүмдүн көрүүсү начар, кийин өзүм төрөй аламбы? Адис жооп берет
Саламатсызбы, Bilesinbi.kg. Менин көзүмдүн көрүүсү -4,5. Кийин турмушка чыксам өзүм эле төрөй аламбы, же кесарево жолу менен төрөшүм керекпи?
Шифа Хасан
Гинеколог
Адатта кош бойлуу аялдын көзүнүн көрүүсү төмөн болсо, ал гинекологго да окулистке да бирдей учетко туруп, төрөгөнчө алардын көзөмөлүндө болот. Ай күнү жакындап калганда, окулист көздү текшерип, көз түбүнүн басымын (давление глазного дна) көрөт.
Кандайдыр бир көйгөйлөр болсо, анда кесарево операциясы менен төрөөнү сунуштайт. Нормага ылайык болсо, анда өз алдынча төрөөго уруксат берет. Бирок, сиздин кош бойлуулук боюнча картаңызга (төрөт үйүнө бериле турчу) көзгө кандай коркунучтар келе тургандыгы айтылып, төрөттү кабыл алуучу акушерге рекомендациялар жазылат.
Сизге бетиңиз менен ыйынган болбойт. Анткени көздөгү майда кан тамырларга күч келип, көздүн көрүүсу начарлап, же такыр көрбөй калуу коркунучу бар.
Алдын алуу үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасап бетиңиз менен эмес, ичиңиз менен ыйынганды үйрөнүңүз. Бул тууралуу сизди караган гинеколог жана окулист кененирээк айтып беришет.