Жыныстык катнашсыз канча убакыт жүрсө болот?
2019.02.22, 10:11
2149
Саламатсызбы! 29 жаштамын. Жыныстык катнашта болбогонума 3 жылдан ашты. Үйлөнгөндө турбай калабы деп корком. Айына эки жолу уруктугум түшүп турат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.02.2019, 10:11
Мирлан Айбашов
Уролог-андролог
Саламатсызбы! Негизинен, жыныстык катнашта болуп турган жакшы, простата безинде кан айланып турат. Кан айланбай калса простатитти пайда кылат. Ошондой эле, кийин тукумсуздукка, өнөкөт алсыздыкка алып келет.
Нормада эркек киши 28 жашка чейин жумасына 5-8 жолу, 28ден өткөндөн кийин 3-5 жолу жыныстык катнашка барып турушу керек.
Уруктун түшүшү айрым учурда - урук көбүкчөлөрүнүн жана урук безинин сезгенүүсүнөн болушу мүмкүн. Сиз урологго барып анализ тапшырып, текшерүүдөн өтүп коюңуз.
0
Пайдалуу жооп