Күйөөм экөөбүз тең иштебейбиз. Жөлөк пул ала алабызбы?
Саламатсызбы! Күйөөм экөөбүз тең иштебейбиз, үйдө олтурабыз. Эки балабыз бар. Кайын атам менен кайын энем пенсия алышат, өздөрүнөн артпайт. Биз жөлөк пул алсак болобу? Кимге кайрылам, кандай документтер керек?
Айкөл Турганбаева
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! Шаардык жана райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарында атайын иш менен камсыз кылуу бөлүмү бар.
Айтылуу бөлүм жумушсуз жарандарга жумуш таап берүүгө көмөктөшүп, ашпозчу, бухгалтер, чач тарач, компьютер, сантехник жана башка сыяктуу акысыз кыска мөөнөттүү курстарды окутат.
Күйөөңүз экөөң тең иштебесеңер, ошол жерге барып, каттоого турушуңар керек. Силер расмий түрдө каттоого тургандан кийин, "иштебегени анык" деген маалымкат берет. Ошол маалымкаттын негизинде жөлөк пул алсаңар болот.
Эскертүү, жогорудагы курстарда окуйсуңарбы же жокпу өзүңөр чечесиңер, мажбурлоо жок!
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу шарттары. Адис айтып берет