// //

Менин айыман күйөөмдүн достору жок. Психолог жооп берет

2019.02.21, 15:37
1000

Саламатсызбы. Жолдошум экөөбүз баш кошконубузга 1,5 жыл болду. Жаңы үйлөнгөнүбүздө аны аябай кызганчу элем. Достору бир жумада бир жолугуп, түнкү 3-4кө чейин бильярд ойношчу. Мен алар менен жолукпа деп уруш чыгара берип, акыры барбай да калды.

Жакында жолдошумдун смсин окуп калдым. Азыр ал досторун чогулалы деп чакырат экен, бирок ар кимиси ар кайсы шылтоону айтып, андан кутулушат. Себеби, бардыгы күйөөмө тарынып калышкан.

Эми мен өзүмдү күнөлү сезип жатам. Ортодогу достук мамилелерин кантип ордуна келтирем? Эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.02.2019, 15:38

Карлыгаш Акимкулова

“Psihoanaliz.kg” психоанализ борборунун психотерапевти

Урматтуу окурман, сиз өзүңүздүн жолдошуңузду контролго алып жатасыз. Анын достору менен болгон мамилесин өзүңүз каалаган нукка буруп алдыңыз, андан кийин анын жеке смстерин окудуңуз. Эми өзүңүздү жемелеп жаткан сезимдерди жокко чыгаруу үчүн кайра достору менен элдештиргиңиз келип жатат. Сиз чоң эле эркек кишини өздүк буюм, оюнчук кылып алгансыз. Сизге тиешеси жок иштерге кийлигишесиз. Жолдошуңуз акыры, эрки жок, эч кандай чечим чыгара албаган киши болуп калса, таң калбаңыз.

Үй-бүлөдө манипуляция болбош керек. Жолдошуңузга ишеним арткыла, ал кабыл алган чечимдерди сыйлагыла. Башкысы, анын жеке иштерине кийлигишпегиле.   

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт