Кыргызстанда ЛГБТ коомдорунун кандай укуктары бар?
Кыргызстанда ЛГБТ коомдорунун кандай укуктары бар? Диндин аларга көз карашы кандай? Чоң рахмат.
Темир Орозтегин
"Кыргыз Индиго" коомдук бирикмесинин медиа-адиси
Конституция боюнча аларда кадимки Кыргызстандын жарандарында болгон бардык укутар бар. Юридикалык жактан коргоо, ден соолукту коргоо, өз пикирин билдирүү, топтолуу жана башкалар. Бир гана үй-бүлө куруу укугунан ажыратылган. Бул кагазга жазылган мыйзамдар. Бирок, иш жүзүндө абал башка.
Пропаганда тууралуу айта турган болсом, ЛГБТ коомдору тыйуу салынган уюмдардын катарына кирбейт. Ошондуктан мыйзам боюнча, параддарды өткөрүүгө укуктуу.
Токтогазы уулу Бахтияр
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси
Ислам дини бир жыныстуу катнаштарга терс көз карашта. Бир катар ислам мамлекеттеринде мындай адамдар катуу жазаланат. Биз Кыргызстанда жашаганыбыз үчүн адамдарды мындай байланыштардан алысыраак болгула, деп кеңеш гана бере алабыз.
ЛГБТ – лесбиянкаларды, гейлерди, бисексуалдарды, трансгендерлерди атоо үчүн англис тилинде пайда болгон аббревиатура (-эскертүү Bilesinbi.kg).