// //

Эмизген учурда бойго бүтүп калышы мумкүнбү? Гинеколог жооп берет

2019.02.20, 14:23
5007

Ассалам алейкум. Менин да суроомо жооп берип коюңузчу. 9 айлык баламды эмизем, этек кирим келе элек. Табарсыгым ооруганынан тест салгам. Эки сызыкча чыкты. Бирок, жакшы көрүнгөн жок. Эртеси салсак, кайра бир эле сызыкча болду. Белим, табарсыгым, бөйрөктөрүм ооруп жатат. Ошондо боюмда барбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.02.2019, 14:24

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Саламатсызбы, урматтуу айым. Кээде эмизип жаткан учурда, этек кири келе элек болсо деле бойго бүтүп калуу тобокелчилиги бар. Тесттин эң кымбаты деле түйүлдүккө 4-6 жума болуп калганда так көрсөтөт. Сурооңузга жооп алуу үчүн кандын ХГЧ (адамдын хорионикалык гонадропини) анализин тапшыруу зарыл. Бир жумадан кийин УЗИге түшсөңүз болот.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
23.06.2021, 23:10

Саламатсызбы менин суроом.1 жаштагы баламды эмизем 10 жарым айында этек кирим келген 4-майда бирок этек кирим токтойун деп калганда почти  токтоп калган болчу жолдошум м.н кошулганбыз бирок жолдошум сыртка тушургон болчу азыр этек кирим задержка болуп атат узиге барсам эч нерсе корунбоду бирок табарсыгым белдерим бир аз ооруп атат боюмда болуп калышы мумкунбу же эмизип жатканда дагы ушундай болобу?жооп берип койунузчу??

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт