Эмизген учурда бойго бүтүп калышы мумкүнбү? Гинеколог жооп берет
Ассалам алейкум. Менин да суроомо жооп берип коюңузчу. 9 айлык баламды эмизем, этек кирим келе элек. Табарсыгым ооруганынан тест салгам. Эки сызыкча чыкты. Бирок, жакшы көрүнгөн жок. Эртеси салсак, кайра бир эле сызыкча болду. Белим, табарсыгым, бөйрөктөрүм ооруп жатат. Ошондо боюмда барбы?
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы, урматтуу айым. Кээде эмизип жаткан учурда, этек кири келе элек болсо деле бойго бүтүп калуу тобокелчилиги бар. Тесттин эң кымбаты деле түйүлдүккө 4-6 жума болуп калганда так көрсөтөт. Сурооңузга жооп алуу үчүн кандын ХГЧ (адамдын хорионикалык гонадропини) анализин тапшыруу зарыл. Бир жумадан кийин УЗИге түшсөңүз болот.
Саламатсызбы менин суроом.1 жаштагы баламды эмизем 10 жарым айында этек кирим келген 4-майда бирок этек кирим токтойун деп калганда почти токтоп калган болчу жолдошум м.н кошулганбыз бирок жолдошум сыртка тушургон болчу азыр этек кирим задержка болуп атат узиге барсам эч нерсе корунбоду бирок табарсыгым белдерим бир аз ооруп атат боюмда болуп калышы мумкунбу же эмизип жатканда дагы ушундай болобу?жооп берип койунузчу??